барскан

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Темир устанын өтө оор салмактагы балкасы.
  2. Чоюн башка жакын, бирок андан формасы жана оордугу жактан айырмаланган согуштук курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Бели… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йдырам, / Туруптуу саздан чаптырам, / Кургатып күнгө көң кылам, / Жердин бетин ачтырам, / Жер көмүрдү таптырам, / Билеги жоон балбанга, / Бири жүздү алганга, / Барскан берип чаптырам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жылкынын аты чыкканда, / Өнөрпоздун бардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ун кармады, / Кеп кылсам шекип калат, деп / Сырымды ачып салат, деп / Уйалгансып ал жалап, / Эки көзүн далдаалап, / Чалкасынан кеткени, / Энтелеген балтанын, / Барсканга башы жеткени, / Жеткен менен барсканга, / Талабына жетпеди, / Жетер жетпес баратып, / Жерге башы шылк деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Миң чапкыча балкачы, / Бир чапканы барскандын” / Калгандар балка, сен барскан, / Басылабы чуулган, / Ханым, өзүң барбасаң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →