барпы1

китептерде 3 жолу, 3 китепте барпы 3 →
  1. Чөптүн бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тилимди алсаң Көкбөрү, / Ат арытып минген деп, / Тон тоздуруп кийген деп, / Көп жашаган кары деп, / Карынын сөзүн укканга, / Катырган сары барпы деп, / Коркуп калган кептенбей, / Койгулашкын качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сары барпы, көк жашыл, / Адам укпас нечен бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Токсон тогуз күн болду, / Үч ай тогуз күндөрдө, / Жетилип кечир болгону, / Жиксиз болуп бүтсүн деп, / Кырма кызыл чаптырып, / Кайнатма кара тарттырып, / Сары барпы ичирип, / Нуш дарыны эритип, / Ичинен кошо бердирип, / Туу калган бээден сойдуруп, / Терисине оротуп, / Жедигердин бир малын, / Койгону жок коротуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →