барпаңда

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Барпаң-барпан эткен кыймыл-аракетте болуу, бапыраңдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабар берген ким экен, / Анык аны билбедим, / Асылбача Таластан, / Ошол күнү келгени, / Кабызет кылып карпаңдап, / Каршылаштым барпаңдап, / Колуна курал албады, / Мага курал чаптырбай, / Мана минтип кардады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап бекер туралбай, / Качырыштым карпаңдап, / Айбат кылдым канчалык, / Түр көрсөтүп барпаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жоодар алды найзасын, / Кайрат кылып тырпаңдап, / Ак сакалын жаркытып, / Жааган кардай барпаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Арканыңды үч тегеретип ыргытып, өзүң көрүнбөй келе берсең, элик өзү барпаңдап алдыңан чыгат, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан чыкты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →