барпай

китептерде 1 жолу
  1. Топтолушкан түрдө жан-жакка жайылып, чачырап туруу, көбүңкү көрүнүштө болуу, бапаюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…асын алып тап берип, / Качырып кирди жултуңдап, / Эки ууртунан куйулуп, / Шилекейи буртулдап, / Бастек бойлуу неме экен, / Жер кодолдой култулдап, / Мурду көөп барпайып, / Тай букадай чандайып, / Жаалысы чыгып жүзүнө, / Жан алчудай каарданып, / Куу чаар болуп беттери, / Так кирпинин жүнүндөй, / Жаагындагы жүндөрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →