бармактай
- Кичинекей, көлөмү жагынан кичине (чоң нерсеге салыштырмалуу).
- Бадырайган, чоң, барсайган (кичине нерсеге салыштырмалуу).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аан чакырып, / Асыл шердин жанында, / Эки жолборс күркүрөп, / Шамал чыгып артынан, / Жер айрылып дүркүрөп, / Алдында сойлоп ажыдаар, / Түргөн чийдей карааны, / Бармактай кызыл меңи бар, / Кызыл бала дубана, / Суулугунан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кеп угуп: / “Эр Кененим баштаган, / Элинен эркек ылганып, / Тажиктердин шаарына, / Калмактар келди чогулуп, / Урушка кетти” деп угуп, / “Мындай эмес Кененим, / Бармактай бала кезинен, / Жалгыз өзү барчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бастырганда караса, / Бала жолборс арстанды, / Байкаган баары таң калды: / Бармактай кызыл меңи бар, / Маңдайында салаңдап, / Жылаңайак, жылаңбаш, / Кийимсиз өзү жылаңач, / Чылбырлап кетип баратат, / Жети менен сегиздин, / Ортосунда бала жаш: /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айкөлүң жөнөй бергенде, / Шыйкырай калбай келгенде, / Бөлөкчө башка бир жумуш, / Көрүп турган элдерге- / Баш бармактай салаңдап, / Маңдайда кызыл меңи бар, / Жылаңайлак, жылаң баш, / Алты жашар эр бала, / Суулуктан кармап Куланы, / Кошо чуркап калыптыр; / Эки түгөй сур бөжөк, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →