бармак
- Колу-буттун беш манжасынын башкысы, биринчиси.
- Беш манжа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ниети кара Каракөз, / Өткөрсө да жөн жүрбөйт, / Баскан-турган жеринен, / Илме-чалма кебинен, / Кишинин баары күмөндөйт, / Колунан келсе Каракөз, / Бактыбайды алмакчы, / Мен алдым деп кыргызды, / Айтып бизге бармакчы, / Ушу бүгүн Каракөз, / Бизден кебин танмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жан кишиге туйдурбай, / Камынып калды Медеркан, / Бармак болуп алыстан, / Койгунуң деп айтпастан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Менде алым калган жок, / Таласка кайта баргындай, / Бармак түгүл Таласка, / Кылчаңдап айал кылгындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алар анча келбесе, / Өзү дале бармакчы, / Улук Көкчө баатырга, / Учурашып алмакчы, / Анан жолго салмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Дөө коркконунан эртеси бармак болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →