баркыра
- Бар-бар эткен катуу үн чыгаруу (мис. ыйлаганда), барылдаган дабыш чыгаруу (мис. сигнал бергенде).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бата берип баркырап, / Баары журт калды чуркурап, / Кадырын билген баатырдын, / Кабырга сөөгү зыркырап, / Бастырган бойдон көкжалын, / Баатыр шердин күмбөзгө, / Кирип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баркырап бала ыйлабай, / Кыйналып Чыйырды бир далай, / Эңкейип барып карашты, / Эстүүлөрү тура албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айдары күмүш, чачы алтын, / Көкүлү кызыл сак алтын, / Кохар таштай жаркырап, / Ыйлаган бала баркырап, / Үйдө олтурган Кененим, / Үнүн укпай ошол чак, / Бүткөн бойу зыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…дан кылыч алышып, / Жаркылдаган кылычтар, / Чаптырбай кайра кагышып, / Кеспей мизи жалпайып, / Жарылып сырты алжайып, / Кылычтар калды жалтырап, / Канжар жатат баркырап, / Чойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азуулары кычырап, / Баштары ооруп кеңгиреп, / Мас болго…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Балапан өрдөк бала каз, / Баркыратып алдырып, / Кара сууну айланып, / Алтоо өрдөк, алтоо каз, / Аны алып байланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →