баркылда
- Барк-барк этип, катуу үн чыгарып сүйлөө.
- Барк-барк этип кайноо, барактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саламга алик алгынча, / Аман-соосун билгинче, / Акылы жаштын тунугу, / Алматынын улугу, / Ал казактын уругу, / Музбурчактын тукуму, / Ителгидей баркылдап, / Майлашып бети жылтылдап, / Аккубак кирип келгени, / Бактыбай менен Аккубак, / Жарыша сүйлөп эки жак, / Тура калып Кененим, / Амандашты кучактап, / Ордонун х…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келип Көкмончок, / Ким экенин билдирбей, / Багып жүргөн ошол чак, / Кайыпчыга бир күнү, / Ак шумкар келген баркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жалдуу шерди көргөндө, / Каргаларча каркылдап, / Калмагынча баркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Стражник баркылдап сөгүп, ат менен тепсетип, кам-чынын алдына алчудай бир эсе качырып барып, бир эсе кайра тартып турду да, бул жерден эчтеме өңбөсүнө көзү жеткен соң, бир убакта жалгыз дунганды алдына салып, кежигеден түртүп, айдап алып ары карай кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →