барктуу
- Баркы бар, сыйга татыктуу, кадырлуу, урматтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уруштуу күнү узарган, / Учу өрттөй кызарган, / Шилтегенде эр Манас, / Темирди талдай таарыган, / Ачалбарсын колго алып, / Желбегей тонун жамынып, / Барктууланып башкадан, / Башына сары чалынып, / Кер жолборстой чамынып, / Жайынча чамдап теригип,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушунча кылып дөө Кошой, / Баргын, десе болбоду, / Кошойго айтты эр Манас, / Барлык кебин ойдогу: / — Батаң жутту байыткан, / Барктуу Кошой сен элең, / Бала күндөн бер жакка, / Эч душманга баш ийбей, / Баатыр Манас мен элем, / Элөөсүз балта чаптырып, / Ушундай болом дээр белем?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Чындыгында сен абдан барктуу экенсиң.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →