барк1

китептерде 29 жолу, 7 китепте барк 2 →
  1. Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түп атам Манас баатырдан, / Бизге калган салтыбыз, / Ата мурас баркыбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Берметим беттен төгүлүп, / Ажырасам баркымдан, / Кыйамат кайым болгунча, / Кеп үзүлбөй артымдан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Орусхан айтып токтолду, / Эр Гүлүстөн шаңк этип, / Каалгадай тиши жарк этип, / Ителгидей барк этип, / Манастан кепти баштады, / Жакшылык менен жамандык, / Кылайтып бирөөн катпады, / Орусхандын үйүнө, / Сөз айагын таштады: / — Баш калкалап алыстан, / Бир… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— деп бир барк этти да, аны айдап жолго түшкөн соң артынан ачууланып, кекетип калды... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →