бардык2
- Зоруга чарчоо, катуу жүрүштөн кыйналып демигүү, зоругуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатырдыгы башка, деп, / Бардык элден ашкан, деп, / Коң төрө, Жолой баш болуп, / Коркуп алар шашкан, деп, / Угулган артык кайраты, / Азыркы өсмүр жаштан деп, / Какырдын ташын казылтып, / Кумд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Төлгө ташка биз бардык, / Ажыдаардай абакем, / Гүлүстөн төрө Гүлчоро, / Көтөрө албай калдыңар / Төлгө ташты көтөрсөм, / Өзүңөр карап калдыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көчкүндүн жол башчылыгы менен бир ээсиз таш үйгө бардык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
десе, бардык оокат супарада даяр болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →