бардаш
- диал. Күч-кубат, дем, кайрат.
- диал. Токтомдуулук, сабырдуулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачып көзүн бардашып, / Ажыдаардай арбашып, / Алар антип жатканда, / Аскердин баары кырылып, / Жүз кишисин ээрчитип, / Хан Калдык кайра качканда, / Кайраттуу канкор Кененим, / “Бактыбай, Асыл нетти экен, / Күмбөзгө барып келемин, / Кай тарапка кетти экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төбөсүндө нечен кан, / Ошолордун баарысын, / Бучкагына теңебей, / Кудай артык жараткан, / Бул Манасты ченебей, / Он бир менен он эки, / Ортосунда бар жашы, / Он сегиз миң ааламды, / Оодарчудай бардашы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
- / Бардашы журттан бөлөкчө, / Бармак болду эр Көкчө, / Айыл башы алтымыш, / (Абалтан ага кол кабыш) / Астыртан кабар салышты, / Азыр келип калышты, / Буудайбекти чакырып, / Арасына алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тумшугуна мүйүзү, / Эр Сейитке жеткенде, / Сүзө турган кездерде, / Жазганбаган кара көк, / Бардашы жаштан бир бөлөк, / Тумшугун орой кармады, / Колун жерге тийгизбей, / Көтөрүп тура калганы, / Ошондо көрүп турбаган, / Кишинин көптүр арманы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Качып берди Мурадил, / Кармашка бардаш бере албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →