бардан

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. диал. Табарсык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н жан өлүп, / Учу тийген дагы өлүп, / Сабын бузбай эл өлүп, / Шагы тийген жана өлүп, / Майторуну ойнотуп, / Аралап кирген жеринде, / Эсеби жок мол өлүп, / Күчү бардан эр өлүп, / Күүсү тийген жана өлүп, / Баш аламан жыгылып, / Капташкандан көп өлүп, / Качып чыкты калмактар, / Кайра тартып дүрдүгүп, / Тепселип өлдү канчасы, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
ыйлашып, / Кызыл кан кетип ичинен, / Жалынсыз отко күйүшүп, / Жан болгондун бүлөсү, / Кабагы жарык күлүшүп, / Жагалданып сүйүнүп, / Эне – атасы, агасы, / Ээси бардан канчасы, / Кара кыргыз каман, деп, / Канкор Манас тукуму, / Бекбачасы жаман, деп, / Хандын баары өлүптүр, / Алптын баары өлүптүр, / Калар бекен аман, деп, / Кы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Алдынкы өлгөн экөөнүн, / Балбаныраак көрүндү, / Найза сайып көрбөгөн, / Найзалашып көнбөгөн, / Чокмору куру кайтпаган, / Балтаны жаза чаппаган, / Кылычка андес бардан, / Кырк – элүүдөн кишини, / Катар чаап таштаган, / Өзү кытай элинен, / Укмуштуу чыкан жеринен, / Мала кашка ат минип, / Ат куйргун чарт түйүп, / Көккө шүйүп кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ң, / Наманген, Ташкент, Самаркан- / Баары уккан кабарын, / Баш көтөрүп Кененим, / Кирип- чыгып калганын, / Кеңеш кылып улуктар, / Үй башына бирден мал, / Төөсү бардан төө алды, / Жылкысы бардан жылкы алды, / Көбү жылкы, азы төө, / Койбой элден бүт алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →