барбакта

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Бапыраңдоо, барбалаңдоо, дардалаңдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кудай урган кумпайгыз, / Сыйкыры артык шумпай кыз, / Айланасын аң кылды, / Кечип адам кете алгыс, / Түшүп кетсе кокустан, / Түбүнөн адам чыга алгыс, / Маңгытча сүйлөп барбактап, / Жедигерди аралап, / Желип жүрөт дардактап: / — Сыйкырым эми бузулса, / Бекбачадан жан калбайт, / Ала кач! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Камчыга бөлүп Нескара, / Качып берди калдаңдап, / Эки этеги салбактап, / Акимсинген эр Чубак, / Кууп барат барбактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып Тапак барбактап, / Жүгүрүп келип дардактап, / Далысында калганы, / Казанбактай калдактап, / Белин ийип бүгүлүп, / Башын ийип жүгүнүп, / Муну көрүп Тапан хан, / Карап турат бир четте, / Кара жандан түңүлүп, / Муну мындай таштайлы, / Тапан хан менен канчыктын, / Куткарбасты мааналап, / Кеткенинен баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тайбуурулду койгулап, / Гүлчоро барат барбактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →