барбай

китептерде 288 жолу, 10 китепте
  1. Көбүңкү, дардайган, колдойгон көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Йобалыны хан Калдык: / — Барбай койсоң коркту дейт, / Жекеге чыксаң азыр бол, / Жалгызектин Бактыбай, / Жандан тойгон эсир кул, / Алың келбей баратсаң, / Камчы булгап белги бер, / Беттеше барып баарыбыз, / Түгөтө кырып кетели, / Кыргыз деген журутту, / Түбү душман бурутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайта бара албайсың, / Мен барбаймын, Талана, / Кароолонуп кетпеймин, / Үзүлүп түшүп тамакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элдер айтып келаткан, / Ушул болот “эки жок” / Аш кайнамча токтолду, / Кыңк эткен пенде жок болду, / Коркуп барбайт экен, деп, / Жалгызек үч күн токтолду, / Беремин деп айткан мал, / Баары келип топтоду, / Кырк үйлүү Калча бүт кедей, / Сүйүнүшүп шоктонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Төрт шакегимди бермейинче барбаймын, – деп, ордунан турбай жатып алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →