бараң2
- Пахтадан жасалган кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шаңкай, Бараң дегенге, / Он төрт киши чаптырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бараң менен Шанхайды, / Жөөт менен тарсаны, / Жуда менен калчаны, / Каракалпак, Кыйваны, / Баарын мындан куткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Капташкан жерге чуу салды, / Башына балаа түн салды, / Калың элди талкалап, / Кайгы менен ый салды, / Бадыкөл деген бадырек, / Күкүрттөй күйүп күч алды, / Бараң менен Шаңкайды, / Тажик менен калчаны, / Түркмөндүктү багынтып, / Кара көзүн жайнатты, / Карманап деген баш болуп, / Кара калпак эл калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоң атам аты Бадыкүл, / Өлтүрүптүр Манасың, / Атамдын аты Мадыкүл, / Семетейден өлүптүр, / Ата мурас купумду, / Үч тарапка бөлүптүр – / Кара калпак, түркмөндү, / Чамбыл белге ээ кылып, / Шаңкай менен бараңды, / Башы ачык эл кылып, / Калча, тажик, жүржүткө, / Бадакшанды жер кылып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Англис менен баранга, / Барбагандай болжолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →