барал
- Бойго жетип, күчү толуп турган мезгил, жетилип, толукшуп турган учур, эр жеткен кемел.
- Курак, белгилүү бир жаш мезгили, кемел.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Маңгытка Калдык баралбай, / Чыгышты карай бет алып, / Он эки калмак котчу алып, / Кетип барат Калдык хан, / Алды-аркасын карабай, / Күндүз жатып, түн басып: / «Көрүп калса бир киши, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…деркан, / Кара жерге кире албай, / Олтурган жерден кобо албай, / Мурун кудай боло албай, / Пейлимен кайра жандым, деп, / Безилдеп ыйлап кан какшап, / Чигитейге баралбай, / Же кетип калгын кайра, деп, / Кычырып келген каркыттап, / Кытай менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну баралбай, / Санаасы миң, кыйал көп, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бутум сынып жатканда, / Жолборстун изин ит баспай, / Жүрөксүп мага баралбай, / Куландын сары сайында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…аты толук арстаның, / Аттан түшүп калган жок, / Жайылып этек, жалп этип, / Жаныбарым Аккула, / Кырга чыкты шып этип, / Жыгылбай турган баатырга, / Бетине чыдап баралбай, / Жаза атып салдым, — деп, / Атына минип Көкчө көз, / Айабай качып алыптыр, / Ат айдаган элдерге, / Жетип кабар салыптыр: / — Өлбөй Манас калды, — деп, / Кара…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейге баралбай, / Куйалы алып келдим, деп, / Айтып кабар кылалбай, / Сейитекке билдирбей, / Гүлчорого Айчүрөк, / Басып келип турду эле: / — Айтканга уул, кулак сал, / Айтпай кетип бир ишти, / Кылып келдим силерге, / Кыз Куйалы балбанды, / Алып келдим бу жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →