баракелде
- Кубаттоо, мактоо маанисинде колдонулат.
- Кекээрлеп какшыктоодо колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бечетин жыртып Музбурчак, / Катты окуп ошол чак: / — Баракелде баатырга, / Бизге тапкан акылга, / Беттешип барып көрөлү, / Белдүү калча капырга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баланы көрүп Кененим: / — Баракелде келиним, / Келе, кемпир экөөн тең, / Койнума салып бергиниң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ «А, баракелде, Канчоро, / Кайраты толук,эр чоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ “Айткан эле Сомбилек, / Бекбача менин атам, деп, / Калп аралаш кеп айтпай, / Айткан экен чынды” — деп, / Күлүп ийет кээ-кээде, / Көзүн ирмеп жымыңдап, / Баракелде бали деп, / “Манастын уулу Сомбилек, / Сайышып көрдүм болду, — деп, / Өлсөм мейли карганда, / Баатырдын көрбөй сайышын, / Өлгөнчөктү арманда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Баракелде!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →