баракат
- сейр. Жай, шашылбаган тынч абал, жайбаракаттык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулжанын этин татасың, / Кубанычка анда батасын, / Өрдөктүн жүнүн жыттайсың, / Жай баракат уктайсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ой, / Эр Чубактан найза жеп, / Карбаластайт не мынча, / Катылган жоосу кайда, деп, / Айманбоз минип албайып, / Эки этеги салбайып, / Айылчылап жүргөндөй, / Жай баракат бастырып, / Кайкыга чыга барыптыр, / Алдындагы чуу-чууну, / Арстаның карап калыптыр, / Ашыкпастан мелтиреп, / Абдан байкап алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олпокту кийип алса да, / Чүмкөмө жок башында, / Жай баракат бастырып, / Келип калды астына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жакуттан дүрбүн алгамын, / Чанак менен Сейитти, / Жай баракат карадым, / Амалы артык, акылы көп, / Арамза кыргыз экенин, / Мен ошондо байкадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →