барабар
- Теңдеш, бирдей, тең.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тирүүлүктөн өлүмдү, / Жакын көргөн эл болсоң, / Жан айабас эр болсоң, / Жайымды уккун сен болсоң, / Жалгыз кара бир башым, / Сан балбанга барабар, / Тобуке атым мен болсом!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элимден азып келгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Кетейин десем кетирбей, / Алтын, күмүш, зар ал деп, / Кармадыңар көпчүлүк, / Тапан хан менен Куткарбас, / Казынасын караңар, / Азбы, көпбү карабай, / Тең бөлгүлө барабар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырдан бетер ак экен, / Сегиз колдо барабар, / Жетиден көңөө так экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алп Чубак минген Көктеке, / Аккула менен барабар, / Атагың жүрөт эмгиче, / Суркойонду, ала жат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →