барабан
- Эки жагы тең жаргак менен капталган, цилиндр сыяктуу ичи көңдөй,уруп ойноочу музыкалык аспап.
- тех. Ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин цилиндр формасындагы деталы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йлойт, / Көпчүлүктүн көзү көп, / Таалим берип хандарга, / Тайарлангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аскерин сапка тизилтип, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Дабытайды караса, / Жөө аскерге көтөртүп, / Бар сөөлөтүн көрсөтүп, / Келип турду майданга, / Кененим деп бакырып, / Кебимди ук деп чакырып: / — Мен Дабытай улукмун, / Сенин алың ошобу, / Жалгыз башың турушуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Гүлчоро, / Канчоро – үчөө барганда, / Алдап туруп Коңурбай, / Кунга баалап жер алып, / Семетейден мөөр алып, / Алгара менен качканда, / Тегеректеп калмактар, / Барабанын какканда, / Түтүн кылып майданды, / Токтобой мылтык атканда, / Аккелтеге тайанып, / Семетей жалгыз жатканда, / Мына бу турган Гүлчоро, / Айбандан күлүк сур атк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Барабаны кагылды, / Өкүмөт менен букара, / Калбай баары жоголуп, / Сомбилекке жалынды: / — Ойроттон коркуп, чубуруп, / Бардык эле биз, — деди / Ошондон бери көрүнбөй, / Бардыңыз кайда сиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →