бараан

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Караан, көлөмдүү көрүнүштүн сөлөкөтү, элес.
  2. Медер, арка-жөлөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кеңкула минип болкойуп, / Жез найза колдо койкойуп, / Барааны баатыр башкача, / Чоң ополдой зоңкойуп, / Нечен бел калды арада, / Тоскоолдук кылбай тоңкойуп, / Ак элечек тоо калды, / Жасанган кыздай койкойуп, / Келбеттүү б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…койуп, / Колунда найза койкойуп, / Нөөкөрү бутта чойкойуп, / Кылыч кында шыңгырап, / Айбалта белде кылдырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Бараанын көрсөң баатырдын, / Мейкин зоодой зымылдап, / Элин баштап алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бараанын көрүп бакырды: / — Бадирек Манас,токто! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ар экөөнүн карааны, / Айбаты артык адамы, / Темир тоочо көрүндү, / Көрөр көзгө барааны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Калдуубет көрдү караанын, / Капкайдан таанып бараанын: / — Каары катуу чоң Ойрот, / Сомбилек келди карагын, / Ачууландың жемелеп, / Алып келчи тигине, / Абдан мыкты сен болсоң, / Аттанып чыгып тебелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →