бара-бара

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Акырындык менен, улам барган сайын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бара-бара балдарга, / Асылбача, Бекбача, / Айтылып калган ат болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Гүлчоро берген эт көйнөк, / Биртке жери чыкканда, / Дөөлөрдүн баары тоо болот, / Сыйкырдын баары жоголот, / Бара-бара кийинче, / Дөө дөбө деп ат конот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бара-бара ошолор, / Салар атты жойуптур, / Сала атка конуптур, / Чойтолоң менен Тазкара, / Айрылгыс жолдош болуптур, / Аны-муну кылганча, / Ачып көздү жумганча, / Кырк күндүк мөөнөт толуптур, / Эр Сейит менен Тапан хан, / Беттешер маалы болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бара-бара көнүп кеттик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →