бар2
- Бардык, бүткүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, / Чыңгыш бере салыптыр, / Басып барып жигиттер, / Эринден чалып алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →