бапылда
- Бап-бап эткен дабыш чыгаруу.
- Үнүн катуу чыгарып сүйлөө, бакылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыл чок келди, / Топ атылып дүңкүлдөп, / Замбирек атып зүңкүлдөп, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Койчагар үнү күркүрөп, / Доолбас уруп заңкылдап, / Сурнайдын үнү бапылдап, / Кернейдин үнү чакылдап, / Кулак тунуп шакылдап, / Хан Калдыктын аскери, / Ат койуп кирди чуркурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү бапылдап, / Сурнайдын үнү шакылдап, / Аттангын деп аскерди, / Айтылып чыкты чакылдап, / Кызыл алптын аскери, / Кыргызга келди жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгиликти чуулатып, / Керней менен сурнайды, / Аралаша койду эле, / Кернейдин үнү бапылдап, / Сурнайдын үнү шанкылдап: / “Жүздөн киши ээрчитип, / Жети хан жетип келгин” — деп, / Айтылып чыкты тапатак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тарсылдаган мылтыкка, / Бапылдаган сурнайга, / Мээ ачып, кулак тунушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бирдеме деп, бапылдап, сөгүп жүрөбү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →