бап1
- Табы жетилгендик.
- Төп келгендик, дал келүүчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Желегин жерге жаптырып, / Бол жүргүн, деп шаштырып, / Муңгулдардын Чиктейи, / Жиңзы ташты тагынып, / Башына бапек сайынып, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы болуучу, / Кезеги келсе эр сайган, / Эсирдин бири болучу, / Журт башкарып так минген, / Баашанын бири болуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бабедин деп бакырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Байлоодо жүргөн бабында, / Баарысы чабар табында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…айагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак канчасы, / Четинден алган укурук, / Кыргызды чаап алгандай, / Кынына баптай кутуруп, / Калдуубет биздин баатыр, деп, / Катышкан өлүп жатыр, деп, / Шилекейи чубуруп, / Ач көз маңгыт элин көр, / Сары суу ооздон куйулуп, / Алдасташып кела…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →