банд
- Камакка камалган, байланган.
- диал. Сууну байлоо, тосуу.
- Дарымчылар шишикти дарымдап бүткөндөн кийин, байлоочу таңуу жип.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолдо эки ат өлтүрүп, / Жолдон жыгып ат минип, / Ат мингенде бат минип, / Сынчыбектин үстүнө, / Кирип келди энтеңдеп, / Ары бери сенделип, / Жаш баладай темтеңдеп, / Муну көргөн Сынчыбек: / — Бейадеп өскөн нааданды, / Бандонуга бас!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шакур айбан кеп угуп, / Коңурбайдан жеме угуп, / Баңдолусун урдуруп, / Сексен миң аскер кол менен, / Аттанып чыкты чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Барабаны кагылды, / Баңдоолдун үнү жаңырды, / Кангайлык менен алаштын, / Жиги эки айрылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча кытайдын, / Баңдоолу кагылып, / Согуштун сыры таанылып, / Баңдоолду укканда, / Баарысы атка жабылып, / Байрак сайып туу толду, / Өйүз-бүйүз эл толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →