балыр
- Тамыры, жалбырагы жана бутак, сөңгөктөрү жок бири-бирине илээшип, жайылып өскөн суу өсүмдүгү.
- өт. Жашык, супсак, даамсыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Төө куштар жүрөт койкоңдоп, / Токойдо каманкабышып, / Куландар ойноп жарышып, / Бугусу сазды бойлошуп, / Аралды марал топтошуп, / Өрдөк, казы аралаш, / Көлдөн балыр оттошуп, / Булбулу сайрап үн салып, / Муңдуу менен муңканып, / Жөө бастырбай адамды, / Белден чөбү чулганып, / Кыз чачындай чырпыктар, / Сыдырымда ыр чалып; / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Туйунуп калат Алмамбет, / Суу толкутпай жатам” – деп, / Ойуна алып куу өрдөк, / Балчыкка бекем өбөктөп, / Балырга башын катканы, / Шабырга кирип жатканы, / Көл бойуна келгенде, / Алмамбеттин айтканы: / — Кыргыл баштап кырк арстан, / Кыраан Чубак сага айтам, / Мылтыктын бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арстан Манас барыптыр, / Аңкайып карап калыптыр, / Ал аңгыча Алмамбет, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Балыр, баткак аралаш, / Ал дагы жете барганы, / Түшө калып атынан, / Канатынан кармады, / Өрдөккө жаба түкүрүп, / Айкөл шердин жанына, / Канжыгага байлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бай, жардысы билинбей, / Балырлап жаткан эл эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…Куш салаар маалы кеткенде, / Жекендүү көлдүн жээгинде, / Кошулган камыш тээгине, / Шабырлуу көлдүн чатында, / Аккуу болуп жатпасам, / Башымды көлгө малбасам, / Балырды сууруп албасам, / Куукуулап оттоп калбасам, / Куп мүшкүлдү салбасам, / Куу деп кушун салганда, / Шумкардын боосун кармасам, / Кармап алып шумкарын, / Алып кети…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →