балыкчы
- Балык уулоочу, балык кармоочу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сулайматты жоготуп, / Балыкчыны хан шайлап, / Жети баштуу желмогуз, / Жолбун иттей аны айдап, / Өткөн экен Сейитим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара куназ, көк кытан, / Илек-илек, көк казан, / Балыкчы бүркүт, суучулдук, / Суунун терең жеринде, / Ойноп жүрөт суу шуңгуп, / Тайлактай болгон ак куулар, / Каркыра менен турна бар, / Кара боор, кашкалдак, / Молдо торгой, сандыгач, / Күкүк деп Зейнеп чакырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кең Керкиттин сурагын, / Балыкчыга суратты, / Көкбука менен Жетилбай, / Бири вазир, бири балбан, / Ошолордун колунда, / Күн батыштын сурагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ы жыргатты, / Желмогуздун тукумун, / Мына минтип кууратты, / Көкбука менен Жетилбай, / Сүйгөнүн колго тийгизди, / Карадөө жеген атасын, / Адылдыгын билгизди, / Балыкчынын баласы, / Абылды такка мингизди, / Кыстумбал менен испандын, / Ийинге элин сийгизди, / Кызыгышкан душманга, / Кыйындыгын билгизди, / Билеги жоон эр өттү, / Пил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала күндө балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан балыкчы болуп калды..
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →