балык
- Бакалоору менен дем алып, канатчалары, куйруктары аркылуу кыймылдап, сууда жашоочу омурткалуу жаныбар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айдай эне Айчүрөк, / Арыбын айтып адамдын, / Акылы жетпес, сөз жетпес, / Асманда учса канаттуу, / Сууда жүрсө балыктай, / Ар өнөргө санаттуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ара нээт калмактын, / Найзасын кагып жиберип, / Күү менен келген Чойун алп, / Жандап өтө бергенде, / Кеңкула оозун имерип, / Калдаңдаган калмакка, / Карчыганын балык эт, / Аркадан найза жиберип, / Баатырдан найза жеткени, / Жети кабат темир тон, / Бешөөнөн өтүп кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Балыкарттан жер соңгуп, / Барскон ашып самсаалап, / Күнөскө Жакып барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…л турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана басып тосоттоп, / Боз улан турат кылкылдап, / Кара сууда балыктар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →