балчык
- Баткак, ылай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дөн немесин, / Катары менен ыргытып, / Тобун бузбай сулатып, / Кулаган таштай уратып, / Олпоктуусун онтотуп, / Сооттуусун сойлотуп, / Балталуусун башка уруп, / Балчыктай кылып жапшырып, / Каардуусун какшатып, / Кылычтуусун кыйратып, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Томпойуп жаткан эрди көр, / Тоңкойуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Балчыктарга жатып кал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Туйунуп калат Алмамбет, / Суу толкутпай жатам” – деп, / Ойуна алып куу өрдөк, / Балчыкка бекем өбөктөп, / Балырга башын катканы, / Шабырга кирип жатканы, / Көл бойуна келгенде, / Алмамбеттин айтканы: / — Кыргыл баштап кырк арстан, / Кыраан Чубак са…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алда кайда бир балчык сууларда бакалардын чардаганы угулат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Карчыганы жебеген / Кайран башым, / Кулач чучук жебеген / Курган башым, / Ак улакты жебеген / Аңкоо башым, / Кара эчкини жебеген / Каткан башым, / Балчыктай байтал суурган
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →