балчай

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Туурасы чыгып жайылыңкы жоон болуп көрүнүү, балтайган көрүнүштө болуу.
  2. Коюу тартып жайылуу, жайылган из калтыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолборс келет чакчаңдап, / Шерлер келет сапсаңдап, / Баштары жүндүү саксаңдап; / Айуу келет апсайып, / Тууралжын болуп балчайып; / Бууралар келет куркулдап, / Оозунан көбүк бартулдап; / Пилдер келет колтоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Чөөлөр келет шыңкылдап, / Келарыс келет кырсылдап; … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алтындан кылган бешикти, / Балта менен чабам деп, / Балчайып кирип көр Көбөш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Таенем мени балчайган, чоң курсак тору бээге учкаштырып алып, үйүнө кечкире келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көчкүн болсо куркуйган узун бойлуу, балчайган сары неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →