балтыркан

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Өзөгү түтүк сыяктуу көңдөй, түп-түп болуп чыгуучу куурай өсүмдүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балтырканы оолугуп, / Мен барам деп жулунуп, / Угуп туруп Ырыскан, / Оңуп өңү бузулуп: / — Мен барам, — деп ал турду, - / Балтыркан мага кызматкер, / Менчелик эмес Ырыскан, / Эң алдында мен барам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айуу барса аралап, / Кемирчек менен балтыркан, / Саз менен сайдан казган тоо, / Жай өтүп кышка айланса, / Тоңкойуп өлүп жаткан тоо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камыш чыккан саздаңга, / Балтыркан чыгып калабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айуусу муздун жээгинде, / Балтырканды кемирип, / Чээнге кирчүү жеринде, / Топосун чапчып жеп жатат, / Суур койбой ийинге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Түн кирип бараткан соң, ышкынын эртең табарбыз деп, бир калың чөптүн арасына кирип, муздак балтыркандан тоё жеп алып, ошо жерге жата кеттик... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →