балтыр
- Шыйрактын булчуң эти.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…остуруп, / Топуракты боз кылып, / Тобун бузуп түз кылып, / Топтоп келген Таңгыттын, / Өз башына күч кылып, / Туура кармап найзаны, / Карысынан кан кечип, / Как балтырдан жин кечип, / Учурап калган немесин, / Бүткүл кырып түгөттү, / Барган сайын Таңгыттар, / Өлбөгөндөй күчөштү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балтырым тартып балактап, / Булчуңун тартат булкулдап, / Болуп калган окшонот, / Уруш кылар бир убак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат олоңун бекиттик, / Оодарышып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче ту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачкан оозун жумгунча, / Айткан кебин тыйгынча, / Жалпак тилдүү жатыгай, / Балтырын жанында турган Ажыбай, / Колунан бирөө тарткандай, / Ыргып туруп ордунан: / — Буйрук кылып кат берсең, / Булуттан күлүк ат берсең, / Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айлана мен чабам, / Ошонун жолун мен табам, / Хандарга кабар мен салам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →