балтачан

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Балта кармаган, балтасы бар.
  2. Балта менен, ай балта менен куралданган адам, жоокер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найза, кылыч, балтачан, / Мылтык атып жаа тарткан, / Темир болот тор салган, / Мылтыкчандын тамамы, / Май торуну кастаган, / Торчу торун таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп бакырды, / Балтачан барсаң байкабай, / Жой болот сага жетер, — деп, / Жоон белден кесер, — деп, / Эмгегиң болор бекер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бирин бири сүйрөтүп, / Көкбөрү тартып кетерге, / Кыпындай жанды жоготуп, / Алмадай башты кесерге, / Аманат жанды таштады, / Ат үстүндө бул экөө, / Эми алыша баштады, / Кылыч, найза, балтачан, / Бекерге калды баштакы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Үчүнчү тор балтачан, / Желмогуздай түрү бар, / Жан койбостой сүрү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Баатырдын уулу Сомбилек, / Булардан чыгат далай кеп, / Найзасы жок балтачан, / Кайраты артык кылымда, / Кыйын болбойт мындай жан, / Салгалы келген найзаны, / Талкалап көнгөн андайдан, / Учу өткүрдөн канчаны, / Балта менен какканда, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →