балталуу
- Балтасы бар же балта менен куралданган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балталуусун башка уруп, / Балчактай кылып жапшырып, / Ардактаган жандарын, / Азырейил периште, / Жанды ээсине тапшырып, / Калкандуусун капшырып, / Качкандарын салпактап, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ерге мылгытып, / Кырк-элүүдөн немесин, / Катары менен ыргытып, / Тобун бузбай сулатып, / Кулаган таштай уратып, / Олпоктуусун онтотуп, / Сооттуусун сойлотуп, / Балталуусун башка уруп, / Балчыктай кылып жапшырып, / Каардуусун какшатып, / Кылычтуусун кыйратып, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Томпойуп жат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найза кармап сап болгон, / Бетине бирөө чыгалбай, / Кылычтуулар бир катар, / Кындан кылыч сууралбай, / Балталуулар сыйлыкты, / Баатырсып карап туралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балталуулар кездешип, / Баатыр эрлер кектешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…лтеп тартканда, / Тобу менен далайын, / Чөптөн бетер чапканда, / Кызыл кан суудай шар агып, / Эки айлап үч кирип, / Кийинкисин күч кирип, / Имерилип өткөндө, / Балталуу жаткан баш тартпай, / Найзакер жаткан ар кандай, / Кылычын кармап колуна, / Кыйшайып жаткан эл кандай, / Кызыганда чубурган, / Кызыл кан аккан сел кандай, / Кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →