балтала
- Балта менен чапкылоо, кандайдыр бир иште балтаны колдонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лда көзүн ачканча, / Сак колу менен сыйпалап, / Чокморун таап алганча, / Арстан туулган Бекбача, / Капталга чаап какшатып, / Кабыргасын кыйратып, / Далыга чаап балталап, / Кыр аркасын талкалап, / Кашка жилик жотого, / Канчаны чапты ошого, / Томукка чаап токмоктоп, / Жарылып кетти томугу, / Түз тура албай Татылда, / Амалы жаман…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойуна кетип Семетей: / «Найза менен сөөк сынбайт, / Найзалап жүрүп жан тынбайт, / Балталап уруп көрөйүн, / Көрөйүн мунун өнөрүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сак болбоду бирдеме, / Куну деген дары жеп, / Кара тоодо бу капыр, / Кайра атка мингенде, / Кандай адам тең келет, / Мен чабайын балталап, / Кармаар колу жок калды, / Сайгын, баатыр найзалап, / Сөөгүн сөпөт кылалы, / Солокени талкалап, / Мурадил, Уушаң, Жанадил, / Келе албайт жанын калкалап, - / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күчү ташкан Гүлчоро, / Кара жаак балталап, / Катуу чапты жапшырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →