балта

китептерде 878 жолу, 9 китепте
  1. Жыгачты кесүү, жаруу, казык кагуу, ж.б. иштер, сомдоо үчүн колдонулуучу жазы жагы миздүү, экинчи жагы уңгулуу темир курал.
  2. Ойнолуучу картанын фигураларынын төртүнчү даражасынын аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топчулуксуз тондору, / Жайылып кетти далбактап, / Найза менен сайганда / Балта менен сайдырбай, / Калдык кайра какканда, / Талкаланып найзасы, / Куру кол болгон чактарда, / Балта менен балакет, / Кардын жара чапты анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дабытай үнү чыкканда, / Талана таамай укканда, / Андестик кылып шапа- шап, / Чокморун сууруп алганы, / Күүлөп- күүлөп чокморун, / Кененимди чапканы, / Адис көнгөн Кененим, / Балтаны кармап сабынан, / Талананын чокморун, / Кагып ийди алдынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жамгырчы менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Оңдоп чабар балта жок, / Сундуруп кирер найза жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →