балпылда

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ооз толтуруп бапылдоо, орунсуз сүйлөө же ооз толтуруп сугунуп чайноо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аргымак аттар алкылдап, / Саймалуу жаргак сары шым, / Кең багалек балпылдап, / Булгарыдан чоң кисе, / Жандарында шалпылдап, / Күн батыш карай жол алып, / Кетип барат шартылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Анда Кошой мындай дейт: / — Акбай бала тың экен, / Баатырлыгы чын экен, / Өткөн күнү Нескара, / Жаңы катын алып деп, / Сынаганы чын экен, / Солкулдак жумшак тарамыш, / Ого бетер балпылдап, / Күндө тердеп былчылдап, / Болбой калган чак экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ин уулу чоң Жолой, / Ачбуудан минип алкылдап, / Атан төөдөй шалкылдап, / Айбаттанып өзүнчө, / Алтындуу кылыч жаркылдап, / Ок өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балпылдап, / Салмагынан кара жер, / Козголгондо калтылдап, / «Мөндүлөп» ураан чакырып, / Кыргызга кирген жапырып, / Бет келгендин баарысын, / Тирүүлөй шорун катырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →