балпаңда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Балпаң-балпаң эткен кыймыл-аракетте же көрүнүштө болуу.
  2. Бапырандоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катышып келсең карпаңдап, / Мен качпаймын балпаңдап, / Канча келсең анча кел, / Атам Манас болгон соң, / Жалынбаймын жалпаңдап, / Эми кандай болом деп, / Эми коркпоймун талтаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кээ жеринде Алмамбет, / Белинен батып балпаңдап, / Ток этерге нерсе жок, / Токтой калып талтаңдап, / Кекиртектен суу кечип, / Мурдуна кирип бырылдап, / Жатагынын дайны жок, / Жаа тартууга алы жок, / Алмаң ки… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайра чапты чоң калдай, / Кара аты менен акылдай, / Ок өтпөс буулум шымынын, / Багалеги балпаңдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей өлсө кокустан, / Кымыз ичкен суусунга, / Кызыл шайы бутунда, / Багалеги балпаңдап, / Кең кийген кыргыз журтунда, / Бир күндө жүздөн эр чыгат, / Арачы киши көп чыгат / Тийгиниң — деп — ушуга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди, балпаңдап чайнап жатып, токтой калып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →