балпай

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Дене-бою жайылыңкы, балпагай тарткан көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Те маңдайкы макмалга, / Салып койгон жуурканга, / Олтурду Ажым түз бара, / Малдашын бузбай балпайа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мен барсам кетет куу өрдөк, / Балпайып барып басканда, / Белкырчоодон батканда, / Асманга учсам, атат деп, / Жергелей учсаң жазат, деп, / Суу менен барып билинбей, / Караса көзгө илинбей, / Кутулуп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Басып жүрсө балпайып, / Кыргыл чалга уйат, / Семетей берген кызмат деп, / Кылып жүргөн мага уйат, / Жетим келип элди алып, / Жетилип келип жерди алып, / Жесирлер келип үйдү алып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Үйүнө кирип балпайып, / Дүрбүсүн алып далпайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Таенем көзү бажырайган, балпайган, чоң кара байбиче. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →