балкылда
- Жумшак толук нерсенин кыймылдагы көрүнүшү Куялынын айдай бети жаркылдап, Эки эмчеги балкылдап («Сейтек»).
- Балкыган абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын э…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…караган көзү деп, / Ачып көздү жумгунча, / Азыткыга жетем деп, / Алдында минген Телкүрөң, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Баладай жалы балкылдап, / Туйагы тийген нечен таш, / Талкаланып быркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Урган таштай зыркырап, / Ачып көздү жумгунча, / Кирип келди жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты Каныкей: / — Канчоро эмген эмчектин, / Кан чыккандан азырга, / Сүтү катып калганы, / Байатадан балкылдап, / Эмчегим ийип баратат, / Канчоро эмген сол жагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ок өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балкылдап, / Алгара минип алкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…үн тийгендей жаркырап, / Тоонун бети жаркылдап, / Жалама таштар жалтылдап, / Көк мелжиген бийик тоо, / Козголчудай калтылдап, / Бойу эрип Сомбилек, / Эт жүрөгү балкылдап, / Сорпо ичкендей тер агып, / Бүткөн бойу былчылдап, / Сазда турган немедей, / Тамандары чылпылдап, / Аңгычакты болбоду, / Көрүндү көзгө карааны, / Орто тоодой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →