балкы2

китептерде 15 жолу, 6 китепте балкы 1 →
  1. Эрип жумшаруу, эрип көлкүлдөө, толукшуп көөлгүү.
  2. өт. Ыракаттанып, көңүлдөгүдөй абалда болуу, магдырап жибүү, мемирөө, толукшуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүзүнөн нуру балкыган, / Ырысы суудай чалкыган, / Жамандык кылаар пейли жок, / Ат тону бөлөк кандай жан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырың мойнун бурганда, / Балакеттүү Торгойго, / Таң агарып күн чалды: / Алты менен тогуз жыл, / Унутулуп ал калды, / Айланасын караса, / Жайнаган кызыл гүл алды, / Жарылып кетчү немедей, / Жүрөгү балкып кубанды, / Бастырганын биле албай, / Балакет Торгой кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жердин бети жык толуп, / Көз уйалып кулбунат, / Анда Алмамбет муну айтат: / — Куу өрдөк мында жок турат, / Асман жаркып, күн балкып, / Алтындын нуру чачылбайт, / Куу өрдөктүн канатын, / Карк алтын менен каптаган, / Куйругунун барымын, / Зумурат менен чаптаган, / Ошол үчүн өрдөккө, / Шумкард… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдыртан карап көз салып / Алтынай менен Чолпонай, / Көкбука менен Жетилбай, / Кыздар басып оштонуп, / Көөндөрү балкып кош болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чалкасынан жатканда, / Жүзүнөн нуру балкыган, / Көргөн адам таң калат, / Күндөй бети жаркыган, / Майыша турган эр эмес, / Он бештеги жаш балбан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →