балким

китептерде 8 жолу, 2 китепте
  1. Болжол кылуу, болжолдоо, күмөн саноо маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Ушинтип эле турбас, балким заман оңолуп кетээр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бүгүн балким ошондо коноорбуз... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Балким ушу неме да биз Көлдү көксөп бараткандай, Үрүмчү, Кулжага жетсем деп, эки көзү чачырап бараткан неме болор. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Сага биз жардам берели, балким жеңип кетерсиң, өлүмдөн калып. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким кудалашып каларбыз, – деп өзөр-мазир сөзүн айтты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →