балкачы
- Устаканада балка чабуучу.
- Карагайга белги коюп туруучу, карагай башы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Абал мурун жасады, / Чаба турган кылычын, / Сегиз киши барсканчы, / Сегиз киши балкачы, / Барскан жанса балкалар, / Ширөө чыгып шырылдап, / Жалын учуп чырылдап, / Отто темир бороктоп, / Кайнап жатат быжылдап, / Балта менен барсканчы, / Тер чубуруп жымылдап, / Бел кырчоодон казган жер, / Көлчөк болуп чылпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Миң чапкыча балкачы, / Бир чапканы барскандын” / Калгандар балка, сен барскан, / Басылабы чуулган, / Ханым, өзүң барбасаң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Айыл жок, бир балкачынын үйү бар эле, кийин калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →