балка

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Мыкты кагып киргизүү, бир нерсени ургулоо үчүн колдонулуучу ар түрдүү салмактагы саптуу аспап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ыргып түшүп куладан, / Далысынан басканы, / Кылычы тургай балка жок, / Мээсин жара чапканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абал мурун жасады, / Чаба турган кылычын, / Сегиз киши барсканчы, / Сегиз киши балкачы, / Барскан жанса балкалар, / Ширөө чыгып шырылдап, / Жалын учуп чырылдап, / Отто темир бороктоп, / Кайнап жатат быжылдап, / Балта менен барсканчы, / Тер чубуруп жымылдап, / Бел кырчоодон казган жер, / Көлчөк болуп чылпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Миң чапкыча балкачы, / Бир чапканы барскандын” / Калгандар балка, сен барскан, / Басылабы чуулган, / Ханым, өзүң барбасаң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Акун хан жооп бербесе, / Ак калаасын балкалап, / Айанбай бузуп талкалап, / Айыпка Чүрөк алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Колунда балкасы бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →