бали
- Кубаттоодо, таң калууда, жактырууда колдонулат.
- Какшыктоодо колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл баркына Алакең, / Мына шунтип жеткени, / Акылыңа бали!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Уккандын баары сүйүнсүн, / Кылганыңа бали деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аны угуп Гүлчоро, / Канчорого «бали» — деп, / Баары болду кош убак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ “Айткан эле Сомбилек, / Бекбача менин атам, деп, / Калп аралаш кеп айтпай, / Айткан экен чынды” — деп, / Күлүп ийет кээ-кээде, / Көзүн ирмеп жымыңдап, / Баракелде бали деп, / “Манастын уулу Сомбилек, / Сайышып көрдүм болду, — деп, / Өлсөм мейли карганда, / Баатырдын көрбөй сайышын, / Өлгөнчөктү арманда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →