балдыра

китептерде 32 жолу, 7 китепте
  1. Балдыр-балдыр этүү, так сүйлөй албоо, булдурап, түшүнүксүз сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ген буулумдун, / Этектери кырчылып, / Торгой көз темир күрөөкү, / Тарпы калбай бузулуп, / Жаалы салып карашып, / Өңдөрү эчен кубулуп, / Сүйлөй албай бирерде, / Балдырап тили бурулуп, / Ого бетер өчөшүп, / Ошондой кезде бой уруп, / Кара тер агып былчылдап, / Бучкагынан чубуруп, / Бүткөн бойу суу болуп, / Чылпылдап ылай жуурулуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шаңкайлыктын малы бар, / Баарын угуп Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңжүндөр сүйлөйт жабырап, / Кырк шойа турду жалдырап, / Амалы кеткен Коңурбай, / Буларды айтты балдырап: / — Келгенде кыргыз көп элге, / Бүгүн калды жалгыз топ... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп бир-бирин тиктешип, / Жалдырашып калышты, / Күрмөөгө келбей тилдери / Балдырашып калышты, / Алапайын таба албай, / Алдырашып калышты, / Ээси оогансып элдиреп, / Жакшылык менен жамандык, / Кайсынысы билинбейт, / Бол жүргүлө, баскын, деп / Ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Караса көзү чачырап, / Калмагынча балдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →