балдыз
- Аялынын сиңдиси.
- Аялынын аталаш туугандарынын кыздарына же жалпы эле аялы менен айылдаш болгон жашы кичүү кыздарга карай колдонулат (жездеге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көкмончоктон кырк котчу, / Баары кыздан болуучу, / Агыш барып ал жерге, / Жеңеден таап жетини, / Балдыздан таап нечени, / Көкмончоктун чатырда, / Жаткан экен жайкалып, / Арак сунуп кыз балдар, / Кериле басып чайпалып, / Бозуул кебин баштады: / — Угуп турган, эр Агыш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Зулпукеден кеп угуп, / Сурданып турган Орусхан, / Бошоду белем эми алда: / — Андай болсо, Зулпуке, / Күйөө-кызга үй камда, / Келин камда, жеңелик, / Кыз дайарда балдызга, / Кабар салып угузгун, / Урумдагы бар журтка!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →