балдак1

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Чолок же буту оорулуу адам колтугун такап сүйөнүп басууга ылайыкталып жасалган таяк.
  2. Бүркүт кондурулган колдун алдынан тиреп, сүйөп алуучу таянчык.
  3. Кылычтын же канжардын сабы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кирген кезде жоголуп, / Бара түшүп оңолуп, / Ортосуна барганда, / Алы келбей калганда, / Сарала ат акты улактай, / Алмамбет барат тумактай, / Салаңдай түшүп Алмамбет, / Суулуктагы төнөлүк, / Сол бармагын өткөрүп, / Ит балдак уруп алыптыр, / Сараланы жетелеп, / Кашатка чыга калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп наалыган дагы бар, / Бир атадан беш элек, / Бирибиз калбай өлдүк, деп, / Хандардын салган кордугун, / Каңгайдын эли көрдүк, деп, / Какшаганы дагы бар, / Балдак кылып найзасын, / Аксаганы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ырай оорулуу, чолок киши — балдак менен жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →